Кам – орто кылымдарда түрк элдеринде кеңири таралган шаманизм дининин диний ырасмыларын аткарган жана негизги диниятчы милдетин өтөгөн адам. Кийинчерээк бир катар элдерде кам термининин ордуна бакшы, бүбү деген сөздөрдү колдонуп калышкан. Кытай жылнаамаларында да Енисей кыргыздарынын бакшылары «кам» деп айтылат.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.