Камакура
Камакура — Жапониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 165,2 миң (2007). Жолдор тоому. Шаардын архитектурасында салттуу жана заманбап курулуштар айкалышып курулган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган статуясы (1252; бийиктиги 11,5 м), көптөгөн буддизм жана синтоизм храмдары менен монастырлар (Хасэоэра, 8-кылым ; Гокуракудзи, Энгакудзи 13-к ылым; Цуругаока Хатимангу, 1063—1828; бардыгы жыгачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-жылы негизделген. Кино, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Музейлер (улуттук байлык, заманбап иск усство), көркөмколдонмо буюмдар, сувенирлер өндүрүшү бар. Буддисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Туризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9