Өмүр баяны түзөтүү

 
Камалов Жылдызбек Камалович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Камалов Жылдызбек Камалович
Туулган жылы: 1961-жылы 30-июль
Туулган жери:Ош облусу Алай району, Гүлчө айылы
Жарандыгы:   Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Химия, Химия илимдери
Иштеген жери: ОшМУ, Медицина факультети, табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы. Илимий даражасы  :химия илимдеринин доктору
Илимий наамы: доктор


Камалов Жылдызбек Камалович 1961-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган — химия илимдеринин доктору (2004) профессор. 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физикалык факультетинин "катуу телолордун физикасы" адистигин бүтүргөн. Учурда, б. а. 2002-жылдан тартып Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы, Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу методикалык борборунун директору кызматын аркалоодо.

Эмгек тажрыйбасы түзөтүү

  1. 1985-1987-жылдары Ош Педагогикалык институнун физика-математикалык факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасында инженер
  2. 1987–1988-жылдары Ош Педагогикалык институнда комсомол комитетинин секретары
  3. 1988–1989-жылдары Ош Педагогикалык институнун биологиялык факультетинин биологиялык химия кафедрасында стажер
  4. 1989–1993-жылдары МХТИ им. Д.И.Менделеева биологиялык химия кафедрасында аспирант
  5. 1993–1994-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин физика-математикалык факультетинин жалпы физика кафедрасында ага окутуучу
  6. 1995–1998-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин химия-биологиялык дисциплиндер кафедрасынын доценти
  7. 1998–1999-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин органикалык химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти
  8. 1999–2001-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин ЮЦ жана ППК директору
  9. Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу методикалык борборунун директору
  10. 2002-жылдан тартып азыркы учурга чейин Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиндер кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенүүдө. Жалпы эмгек тажрыйбасы 24 жыл.

Диссертациялары түзөтүү

54төн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинен 2 монографиясы, 7 окуу-методикалык пособие жарык көргөн жана 3 патенти бар.

  • Химия илимдеринин кандидаты: физикалык химия боюнча адис. Эмгеги: "Спектрохимия комплексных соединений цинка и ртути с семи и тиокарбазидом" (1993).
  • Химия илимдеринин доктору: органикалык эмес химия боюнча адис. Эмгеги: "Электронное строение и колебательные спектры метало(тио)семикарбазидных комплексов" (2004).

Колдонулган адабияттар түзөтүү