Камар ад-Дин – 1368–90-жылдары Моголстандын эмири. Дуулат уруусунан. Мангалай Субеден («Башкы аймак») түндүктөгү Сыр-дарыядан Илеге чейинки аймакты бийлеген. 1365–66-жылы тактыны ээлеп алуу үчүн бир тууганы Шамс ад-Дин менен бирге төңкөрүш уюштуруп, Тоглук Тимурдун уулу Илйас кожону өлтүрүшкөн. 1368-жылдан өз улусун биротоло өз алдынча бийлеген. 1371-, 1375-, 1383-жылдары эмир Темирдин Камар ад-Диндин улусун басып алуу аракети натыйжасыз аяктаган. Камар ад-Дин Алтын Ордонун ханы Токтомуш менен согуштук союз түзүп, Мавераннахрга кол салышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, Камар ад-Дин Иртышка, Алтайдагы Түлөс аймагына качып барып өлгөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.