Камашев, Билаш (1927, Чүй р-ну, Чымкоргон кыштагы – 09.05.1990, Бишкек ш.) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1951). «№14 Почтовый ящик» объектисинде геолог, улук инженер, башкы геолог (1951–60), Кыргыз геол. башкармасында геол. текшерүү бөлүмүнүн начальниги (1960–1969), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясында чалгындоо иштери б-ча улук геолог (1969 –1973), Кыргыз ССР геол. башкармалыгында, Кыргыз геол. өндүрүштүк бирикмесинде бөлүмдүн начальниги (1973–87). “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү