Камбар — кырк чоронун бири. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас Таласка көчүп келгенден кийин издеп келип Манаска кошулуп чоро болгон. Кийин Чубактын аялын Камбар алгандыктан айрым учурларда Канчоро К-дын уулу делет (Саякбай Каралаев, 1. 195;"Семетей", 1. 164).

2. Камбар, Камбарбек —"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Чаликтин. атасы экендиги гана айтылып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 141, 149, 180, 393, 419; 3. 49, 175; 4. 43).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4