Камбарова Нурания
Бул макаланын мазмунун «Камбарова, Нурания» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Нурания Камбарова - жазуучу.
Жазуучу Нурания Камбарова Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында 1942-жылы туулган. 1966-ж. В.И.Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университетин аяктап, редактор-журналист адистигине ээ болгон.
1966–1976-жж. Каракалпак АССРинин Нукус шаарындагы «Каракалпакстан» басмасында көркөм жана балдар адабияты бөлүмүндө кенже редактор, андан кийин ушул эле бөлүмдө редактор, 1976–1977-жж. Өзбекстан Компартиясынын партия обкомунун жалпы бөлүмүндө нускоочу болуп иштейт.
Ташкент шаарынын журналдарында жана гезиттеринде аңгемелери, очерктери, кыскача макалалары, чакан чыгармалары жарыяланып турган.
Анын «Калдиргоч» деген биринчи китеби 1968-жылы Нукус шаарында жарык көргөн. Андан кийин Орто Азия республикаларынын мезгилдүү басылмаларында аңгемелери жарыялана баштаган.
1994-жылы «Үмүтүм менин Ата журт» деген китеби жарык көрүп, анда анын «Турдугүл» деген аңгемеси басылып чыккан.
1997-жылы Бишкекте Н.Камбарованын «Арашан» деген китеби М.Ааматовдун которуусунда жарык көргөн.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Карлыгач: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1975. – 72 б.
Сыр-Дарья кылаасы: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1970.
Арашан повести. – 1996. 96 б.
Орус тилинде
Ожидание лета. – Союз писателей КР. 152 с.
Сборник рассказов. – 2008.
Башка элдердин тилдеринде
Карлыгаш. – «Каракалпакстан», 1968. – өзбек.
Кешир Бүбүгүл. – «Каракалпакстан», 1974. – каракалпак
Гулнар. Для детей среднего и школьного возраста. – Каракалпакстан, 1974.
Кэчур Робикул. – Алма–Ата: Жазушы, 1980. – уйгур.