Камдар
Камдар (немисче kamm — кыр, жон, жал) — тегерек же узатасынан созулган аралча дөбөлөр же алардын тобу. Эриген мөңгү суулары топтоп иргеген тектерден турат. Бийиктиги 2—5 мден 30 мге чейин. Көбүнчө плейстоценде материктик муз каптаган аймактарда (Карелия, Балтика бою, Ленинград облусунда жана башка) кездешет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9