Каменский Алексей Николаевич

Каменский Алексей Николаевич (29. 7. 1938-жылы туулган—Москва шаары) — КРдин эл сүрөтчүсү (2000)—Москвадагы Строганов атындагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайын бүткөн (1962). Кыргызстанга 1962-жылы келген. 1963-жылдан республикалык, Бүткүл союздук жана Эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1966-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. К. Воронин— С. Бакашев— З. Хабибулин менен бирге М. В. Фрунзенин мемориалдык музейинин имаратынын тематикалык рельефин түзүүгө— Кыргыз мамлекеттик филармониясынын, «Айчүрөк» Борбордук универмагынын жана Москвадагы «Киргизия» кинотеатрынын имараттарын жасалгалоого катышкан. П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебиндеги мозаикалык паннонун— Бишкектеги «Бакыт» үйүнүн, Нарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын чий панносунун жана карапа жасалгасынын—«Күн» жана «Түн» жана башка пейзаждык композицияларынын автору. Каменский станоктук живопись— портрет жана пейзаж жанрларында да эмгектенет. Анын «Кара баткак» (1966)— «Хива. Палван-Дарбаза» (1968)— «Оодарыш» (1970)— «Сүйүнүч» (1972)— «Памир мотиви» (2002) жана башка живопистик чыгармалары бар. К-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

9967-14-104 -9