Каменский кум-шагыл кени

Каменский кум-шагыл кени Ысык-Көл районунда, Ананьев кыштагынан 6 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1648 – 1701 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен Чоң Байсоорун суусунун өрөөнүндө жайгашып, өзөндүн аллювий катмарынан түзүлгөн. Пайдалуу катмар 36% койташтарды, 45% шагылды, 19% кумду камтыган кум-шагыл кошундусунан турат. Чалгындалган калыңдыгы 10 м. Шагыл 89% интрузия тектеринен турат. Кум-шагыл курулушта жана жол курууда пайдаланылат. Запасы А категориясы боюнча – 173 миң м3, В – 670 миң м3, С1– 1339 миң м3, А+В+С1– 2182 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А – 66 миң м3, В – 670 миң м3, С1– 1339 миң м3, А+В+С1– 2075 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү