Каменск-УральскийРоссиядагы шаар. Свердлов облусунда. Ортоңку Уралдын түштүк-чыгыш капталында, Каменка дарыясынын Исеть дарыясына куя бериште жайгашкан. Калкы 181,6 миң (2007). Темир жол бекети. Екатеринбург шаары менен автомобиль жолу аркылуу байланышат.

Каменск-Уральский.

1682-жылы пайда болгон. 1935жылдан шаар. 1940-жылдан азыркыдай аталат. Шаар — облустун ири өнөр жай борбору. Алюминий түтүктөрүн жасоочу, электр-механикалык жана башка заводдор, түстүү металлургия өндүрүшү үчүн жабдуу, жеңил, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Ыйык Троица собору (1790—1808), Преображение жана башка чиркөөлөрү сакталган. 2001-жылы Александр-Невский саат мунарасы курулган. Ондон ашык ЖОЖ (анын ичинен филиалдар,өкүлчүлүктөр), китепканалар, музейлер (анын ичинен край таануу, геология жана башка), театрлар, Красногорск ЖЭБ бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү