Кампа — дан эгиндери же башка азык-түлүк, буюм-тайым сакталуучу атайын имарат. Кампанын ичи бир нече бөлмөлөргө бөлүнүп, анда буудай, арпа, жүгөрү жана башка эгин өзүнчө сакталат. Көбүнчө дан эгиндеринин бир түрү (буудай же арпа жана башка) сакталуучу Кампалар (ичи бөлүнбөгөн) көп пайдаланылат. Кампада айыл чарба шаймандары, химикаттар да өзүнчө сакталат. Азыр «кампа» түшүнүгү кеңейип, сакталуучу азык-түлүк түрүнө жараша дан сактагыч, картөшкө сактагыч, жашылча сактагычтар жана башка пайда болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү