Камсыздандыруу
Камсыздандыруу — сактандыруу уюму (сактандыруучу) жана жеке же юридикалык жактын (сактануучунун) арасындагы, сактануучунун мүлктүк мүдөөлөрүн коргоо боюнча укуктук карым-катыштар. Сактандыруучу сактануу жагдайдын натыйжасында болгон зыяндын ордун, сактануу фонд аркылуу, сактануучуга толтуруп берет. Сактануу фонду сактануучулардын төлөмдөрүнөн түзүлөт.
Сактандыруунун негизги эки түрү болот:
- Жеке сактандыруу;
- Мүлктү сактандыруу.
Калыбына жараша экиге бөлүнөт:
- Милдеттүү түрдө сактандыруу;
- Эрктүү түрдө сактандыруу.
Сактандыруунун багыттары:
- Рисктен сактануу;
- Зыянды төмөндөтүү;
- Инвестициялык;
- Сактык.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Абдыкеев Эрнис Шамшыбекович, Кыргыз Республикасында камсыздандыруу секторунун капитализациясы - Кыргыз-Турк "Манас" университети Бишкек: 2017, 30 б.
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
- Бектенова Д. Финансы, акча жугуртуу жана кредит: Окуу китеби. - Кыргыз-Турк "Манас" университети Бишкек: 2006, 270 б. ISBN 9967-23-262-5