Камчатка дарыя (башатында — Көлдүү Камчатка) — Россиядагы дарыя, Камчатка областында. Узундугу 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борбордук Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булуңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) жана жамгыр (3%) сууларынан куралат. Жылдык Орточо чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель—майда ачылат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Чатынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Балык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.

Камчатка дарыя
Мүнөздөмө
Узундугу 758 км
бассейндин аянты 55 900 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Камчатка облусу
ОМСР 19070000112120000012690
Камчатка дарыя.

Колдонулган адабияттар түзөтүү