Камчыбеков Булутбек (10.5.1939, Кара-Суу айылы - 1990, Кызыл-Токой) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери.

  • Ош мамлекеттик педагогика институтунун бүткөн (1967).
  • 1957-62-жылдары Чаткал совхозунун №2-бөлүмүндө башкы чабан,
  • 1967-70-жылдары Жаңы-Жол районунун «Афлатун» орто мектебинде мугалим,
  • 1970-71-жылдары Ала-Бука районунун Жданов атындагы орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары,
  • 1971-85-жылдары Кызыл-Токой мектебинин директору,
  • 1985-жылдан Башкы-Терек орто мектебинин директору, “Башкы-Терек” совхозунун партиялык комитетинин катчысы болуп иштеген.
  • Ысмы Кызыл-Токой айылындагы мектепке берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6