Камчыбеков Токон (10.10.1927, Коргон-Сай айылы - 1992, ошол эле жер) - коомдук ишмер.

  • 1943-44-жылдары Коргон-Сай айылдык кеңешинде катчы,
  • 1944-16-жылдары Чаткал райондук даярдоо конторасында инспектор-бухгалтер,
  • 1946-48-жылдары “Социализм”, К.Маркс атындагы колхоздордо башкы бухгалтер,
  • 1949-56-жылдары райондук ички иштер бөлүмүндө милиционер, кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы, ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары,
  • 1956-63-жылдары Жаңы-Жол ички иштер бөлүмүндө ИТРдин начальниги,
  • 1963-68-жылдары Ала-Бука бөлүмүндө ИТР начальниги,
  • 1968-72-жылдары Чаткал МЖСинде,
  • 1973-91-жылдары Башкы-Терек” совхозунда кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы”, юбилейлик медалдар менен сыйланган.
  • Чаткал өрөөнүндө улуттук ордо оюнун уюштуруп, өзү да мыкты оюнчу катары таанылган.
  • Жыл сайын Т.Камчыбековдун урматына райондук ордо боюнча мелдеш өткөрүлүп турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6