Канадалыктар – эл, Канаданын калкы. Жалпы саны 31,2 млн, анын ичинде Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англис-канадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, ошондой эле Европадан барган немец, англис, италян, украин, орус, голланд, поляк, еврей жана америкалыктар түзөт. Канадалыктар англис жана француз тилдеринин канадалык вариантында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвитериан, лютеран, баптисттер), француз-канадалыктар католицизм динин тутушат. 16–20-кылымда алгач Европадан (француз, англис, шотланд, ирлан, уэльс, немис, голланд жана башка), кийин АКШдан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу менен Канадалыктар улут болуп калыптанган. Англис-канадалыктардын улуттук маданияты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган архитектуралык курулуштар сакталган. Айрым англис-канадалык топтордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Андрей, ирландыктардын Ыйык Патригини күндөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы маданиятына америкалыктардын таасири чоң.

Канадалыктар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү