Канал (кибернетикада) – маалыматты берүүгө арналган түзүлүш. Кириш жана чыгыш маалыматтардын түзүлүшүнө жараша Канал дискреттүү жана үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. Дискреттүү Каналда маалыматтар бир түрдүү же ар кандай «алфавиттерден» турган «тамгалардын» удаалаштыгынан турат. Үзгүлтүксүз Каналда маалыматтар функциянын үзгүлтүксүз параметрлеринин (t) мааниси боло алат. Берүү, кабыл алуу, өзгөртүү жана маалымат каттоочу биргелешкен байланыш линиялары менен жабдылган жасалгалардын жыйындысы маалымат Каналына кирет. Каналдын баштапкы жана акыркы түзүлүштөрү телефон, телеграф аппараттары, магнитофон, перфоратор, ЭЭМ, лазер, акустикалык жана башка приборлор болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү