Кангуэтноним."Манас" эпосунда кытайлардын бир уруусу. Чоң казат мезгилинде чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак жылкы айдаган Карагулга жолугушат. Ошондо Алмамбет аны алдап колго түшүрүш үчүн өзүнүн кимдигин жашырып ага мындай дейт:

Шаарым менин Чынмачын,

Жайымды менин тыңдагын.

Кангулардын калкымын.

Бакбурчунга падыша

Бир атадан жалкымын (Сагымбай Орозбаков, 4. 279).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4