Кандалакша коругу - Ак деңиздин Кандалакша булуңунда, ошондой эле Баренц деңизинин Мурманск жээгинде.

1932 жана 1938-ж. түзүлгөн Кандалакша жана «Жети арал» коругу бириктирилип, 1951-ж. уюшулган. Аянты 29 миң га. Харлов жана Кувшин аралдардарынын бийик жарлуу жана аскалуу жээгинде канаттуулардан кайра, ак чардак, гага ж. б. уялайт.

Баренц жана Ак деңиздин жээгинде канаттуулардын көп түрү кездешет. Баренц деңизинин жээгиндеги кадимки гаганын уясы 500дөн (1939) 7200гө чейин (1970) көбөйгөн. Баренц деңизинин жээгинде сейрек кездешүүчү дөң, тумшук түлөн жашайт.

Кандалакша коругунун аралдарында Кызыл карагай, ак кайың жана бай теректүү токойлор бар. Ак деңиздин жээгинде багыш, түлкү, коён, калтар, тыйын чычкан, кереңкур, чил, сүлөөсүн, күрөң аюу, суусар ж. б. учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.