Кандын жаралышы, гемопоэз (гр. гемо - кан, poiesis - даярдоо, кайра жаратуу) - киши менен жаныбарлардын организмде кан клеткаларынын көбөйүшү, өрчүшү жана бышып жетилиши. Көпчүлүк омурткасыздардын К. ж. тутумдаштыргыч тканда, көңдөй суюктукта, кан жана гемолимфада өтөт. Омурткалуу жаныбарлардын К. ж. ар кандай: тегерек ооздуулардын К. ж. ичегинин бетинде, балыктарда - көк боордо, бөйрөктө, эпикардда, куйруктуу жерде-сууда жашоочуларда - көк боордо, боордо , куйруксуз жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана канаттууларда - көк боордо, чучукта, фабриций чөнтөкчөсүндө, богок безде өтөт. Сүт эмүүчүлөрдүн канынын эритроциттери, гранулоциттери, моноциттери, тромбоциттери чучукта пайда болот, ал эми лимфоциттер - богок безде, чучукта, көк боордо, лимфатикалык түйүндөрдө жана башка

Колдонулган адабияттар түзөтүү