Канды (Коргондөбө району)
Канды (өзб. Qondi) — Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргондөбө районундагы айыл. 1978-жылы негизделген.
айыл | |
Канды | |
Qondi | |
Өлкө |
Өзбекстан |
---|---|
Облус |
Анжиян облусу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1978 |
Мурунку аталышы |
калхоз Калинин |
Калкы | |
Калкынын саны |
2000 (2021) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Агломерациясы |
2500 |
Улуттук курамы |
кыргыздар, өзбектер |
Диний курамы |
мусулмандар |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+5 |
Телефон коду |
+9987479 |
Почта индекси |
170705 |
Автоунаа коду |
60 |
Калкы — 2000 (2021-жылы).
Географиясы түзөтүү
Айыл Коргондөбө районунун түндүк тарабында, Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Райондун борбору Коргондөбө шаарынан 40 км түндүктө, Анжиян шаарынан 60 км батыш тарапта.
Айылдык конуштун аянты 27 км2. Аянттын 90%к га жакыны айыл чарба жерлерине жана жайыттарга туура келет. Чыгышынан Ахунбабаев жана түштүк-чыгышынан Манас айылдарынын жерлери менен чектешет.
Калктуу конуш республиканын тоо этектеринен тоолуу бөлүккө өтүүчү аймагында жайгашкан. Орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 678 метр.
Климаты мелүүн. Орточо температура июлдуку +38°Сден январда -10°Сге чейин өзгөрөт. Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү 600 мм. Эрте жазда температуранын кескин өзгөрүшү менен тоодон катуу кургак шамал согот.