Каннабидиол (кыскартылган CBD, КБД) каннабиноид деп аталган заттардын тобуна тиешелүү, алар табигый түрдө каннабис өсүмдүктөрүндө кездешет. Белгилүүрөк каннабиноид болгон тетрагидроканнабинолдон ТГК айырмаланып, КБД CB1 жана CB2 каннабиноиддик рецепторлорун түздөн-түз стимуляциялабайт, ошондуктан психоактивдүү таасири болбойт.[1] КБД каннабистин дээрлик бардык сортторунда кездешет. Заттын өсүмдүктө камтылышы каннабиноиддердин 95% чейин издери болушу мүмкүн.

Тарыхы түзөтүү

Каннабистен активдүү ингердиентти бөлүп алуунун биринчи аракеттери 19-кылымга тиешелүү. Каннабидиол алгач 1940-жылы Миннесотада кененирээк изилденген. КБД химиялык формуласы жапайы кара куурайдан бөлүп алуу ыкмасы менен алынган. Анын структурасы жана стереохимиялык түзүлүүсү расмий түрдө 1963-жылы аныкталган.


Таасирлер түзөтүү

2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДСУ) КБД-ди көнүп кетүүнү болтурбаган, коопсуздуктун жакшы профили жана терапевтикалык артыкчылыгы бар компонент катары жарыялаган.[2]

2019-жылы каннабидиол адамга нефрологиялык олуттуу таасир берүүсүнө далилдөөлөр пайда болгон[3][4] жана АКШда жана Европалык Биримдикте эпилепсиянын айрым түрлөрүн дарылоодо колдонулат (Драве синдром, Леннокса-Гасто синдром, тубероздук склероз).[5][6] КБД ошондой эле диабетти же Паркинсон оорусун дарылоодо жардам берет деген билдирүүлөр кеңири тараган, бирок каннабидиолдун андай таасири тууралуу илимий маалыматтар жок.[7][8]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Cannabidiol displays unexpectedly high potency as an antagonist of CB1 and CB2 receptor agonist. researchgate.net. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  2. A World Health Organization perspective on cannabidiol (CBD). openaccessgovernment.org. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  3. Clinicians’ Guide to Cannabidiol and Hemp Oils. mayoclinicproceedings.org. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  4. Cannabinoids for the treatment of mental disorders and symptoms of mental disorders: a systematic review and meta-analysis. thelancet.com. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  5. FDA Approves First Drug Comprised of an Active Ingredient Derived from Marijuana to Treat Rare, Severe Forms of Epilepsy. fda.gov. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  6. Epidyolex. ema.europa.eu. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  7. USE OF CANNABIDIOL (CBD) FOR PD SYMPTOMS. apdaparkinson.org. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.
  8. CBD & Diabetes. diabetes.org. Текшерилген күнү 1 Апрель 2022.