Кантемир Антиох Дмитриевич

Кантемир Антиох Дмитриевич [румын тилинде Antioh Dimitrievici Cantemir; 10 (21). 9. 1708, Осмон империясы, Стамбул шаары – 31. 3. 1744, Франция, Париж шаары] – орус акыны, сатирик, котормочу, мамлекеттик ишмер. Рационалист агартуучу, орус классицизминде ыр түрүндөгү сатира жанрын негиздөөчүлөрдөн. Саясий эпиграммаларында жана сатираларында Пётр Iнин реформаларын жактаган. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, так жана гуманитардык илимдерди, орус маданиятынын тарыхын мыкты билген жана изилдеген. Адабий ишмердигин 1725-жылы котормодон баштаган. А. Кантемир Улуу Британия жана Францияда (1738–44) элчилик кызматта болгон. Горацийдин 22 сунушун, Анакреонттун 55 ырын которгон, агартуу идеясын тараткан. Физик Фонтенелдин «Дүйнөлөрдүн көптүгү жөнүндө сөз» трактатын (1730) которгон жана ага эскертүүлөр жазган (1742).

Антиох Дмитриевич Кантемир

Колдонулган адабияттар түзөтүү