КАНЦОНА (италянча canzone — сөзмө-сөз ыр) — 1) 13—17-кылымдагы батыш европалык поэзиядагы рыцарлар сүйүүсү жөнүндөгү лирикалык ыр. Классикалык үлгүлөрүн Данте, Петрарка, Бокаччо жазган; 2) Кайра жаралуу доорунда поэтикалык канцонанын текстине жазылган көп үндүү ыр; 3) аспаптык музыкалык пьеса, 16—17-кылымда вокалдык канцонадан иштелип чыккан түрү; анын өркүндөтүлүшүнөн кончерто гроссо, фуга жана соната келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9