Каныкей Кубанычбекова (30-сентябрь, 1999; Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу жана ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери[1]. Олимпиада оюндарынын (2020) катышуучусу. Кыргызстандын ок атуу боюнча жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу[2][3].

Каныкей Кубанычбекова
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Кубанычбекова Каныкей Бообековна

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Ок атуу

Төрөлгөн датасы

30 -сентябрь 1999(1999-09-30) (24 жаш)

Төрөлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

машыктыруучу

Виктор Суровцев

Спорттук чини

Ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери

Өмүр баяны жана карьерасы түзөтүү

Каныкей 1999-жылы 30-сентябрда Бишкекте төрөлгөн. Атасы Таластан, апасы Ысык-Көл облусунан. Каныкей үй-бүлөдө алты баланын эң улуусу[4]. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган[3]. Атасынын кеңеши менен ал ок атуу менен машыгып баштаган. Каныкейдин машыктыруучусу Виктор Суровцев[5].

Спорттук жетишкендиктери түзөтүү

  • 2017 — Татарстандагы эл аралык мелдеште экинчи орун;
  • 2017 — Амстердамдагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Казакстандагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Өзбекстандын кубогунда экинчи орун;
  • 2018 — Кыргызстандын чемпионатында экинчи орун;
  • 2019 — Өзбекстандын кубогунда биринчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда экинчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда (3-этап) биринчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунун чемпиону;
  • 2021 — Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

Спорт агенттиги 21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Токио Олимпиадасына жолдомо алганын билдирген. Кыргызстанда жана Өзбекстанда өткөн чемпиондуктардын жана кубоктордун жеңүүчүсү жана байге ээси[3].2017-жылы Нидерландын Амстердам шаарында өткөн Intershot турниринде коло байгени алган[6]. Минималдуу квалификациялык стандарттардын (MQS) эң көп саны аткарылгандыктан, Кубанычбекова Токиодо өткөн 2020-жылдагы Олимпиада оюндарынын квалификациясына жолдомо алган. Олимпиаданын ачылышында Кубанычбекова Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан[7]. 10 метрден пневматикалык мылтык атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештин жыйынтыгында спортчу 48-орунду ээлеп, финалга өтө алган эмес[8].

2023-жылы Бакуда өткөн ок атуу боюнча дүйнө чемпиондугунун катышуучусу[9].

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

  • Кыргызстандын Президентинин ыраазычылык каты (2021)[10].

Булактар түзөтүү

  1. Kanykei Kubanychbekova. Olympedia.
  2. Shooting - Final Results. Tokyo 2020.
  3. 3.0 3.1 3.2 Каныкей Кубанычбекова — биография (орусча) (21 -июль (теке) 2021).
  4. НурайымРысмамбетова Парня у меня не будет до парижской Олимпиады — беседа с Каныкей Кубанычбековой (орусча) (22 -август (баш оона) 2021).
  5. АйгеримАкылбекова Путевка на Олимпиаду: как Каныкей ломает стереотипы (орусча) (19 -июль (теке) 2021).
  6. ИндираКамчыбекова Каныкей Кубанычбекова получила лицензию на Олимпиаду в Токио по пулевой стрельбе (орусча) (22 -июнь (кулжа) 2021).
  7. БактыгульОсмоналиева Флаг сборной Кыргызстана на открытии Олимпиады понесет Каныкей Кубанычбекова (орусча) (22 -июль (теке) 2021).
  8. ЮрийКопытин Олимпиада в Токио. Каныкей Кубанычбекова заняла 48-е место по пулевой стрельбе (орусча) (24 -июль (теке) 2021).
  9. Kanykei Kubanychbekova (Shooting sports) : Prize list and results.
  10. Олимпиада в Токио — кто получил деньги, награды и машины. Список (орусча) (23 -август (баш оона) 2021).