Каныш-кыя айыл аймагы - Чаткал районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Ьорбору - Каныш-Кыя айылы.

Республиканын борбору Бишкек шаарынан 735 км, облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 387 км түндүк-батышта. 1936-96-жылдары Каныш-Кыя айылдык Кеңеши, 1996-жылдан Каныш-Кыя айыл өкмөтү, 2012-жылдан азыркы аталышта (Төрагалары - А.Мырзалиев (1967-74, 1977-81), Э.Исаков (1973-76) А.Кубатбеков (1986-94), Э.Т.Кошбаев, С.Кошбаев (2001-03), К.Стамбеков (2007-08), С.А.Алмырзаев (2008-13), 2013-жылдан С.А.Мусабаев жетектейт.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында азыркы айыл аймагындагы айылдар Төрөтал айыл Кеңешинин курамында болгон. Аймакта Социализм, Чукурчак ТОЗдору, кийин Энгельс, Социализм, Каганович колхоздору түзүлгөн.

1935-ж.Чаткал өрөөнү Кызыл-Жар районунан өзүнчө район болуп бөлүнүп, 1936-жылы азыркы айыл аймагында Каныш-Кыя айылдык кеңеши (аймагында Энгельс, Социализм, Каганович атындагы колхоздор - төрагалары Кыпчакбаев Кенжетай, Бегалиев Кадырбек, Осмонбек, Осмонов Али) уюшулган. Каныш-Кыя айыл Кеңешинин аймагындагы 3 колхоз кийин Каганович атындагы колхозго бириктирилип, биринчи төрагасы болуп Барпы Сарпашов иштеген. 1958-жылы колхоздор жоюлуп, Чаткал эт-сүт совхозу түзүлгөн.

Учурда Каныш-Кыя айыл аймагынын курамына Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Каныш-Кыя (Жер-Капчыгай), Айгыр-Жал (Кара-Суу) айылдары кирет. Калкы 9225 (2015); негизинен кыргыздар жашайт. Жеринин жалпы аянты 49139 га, айдоо аянты 4881 га, а.и.3629 гасы сугат, 1252 гасы кайрак, 631 га чабынды, 39101 га жайыт, 241 га токой аянты. 6 орто мектеп, 3 негизги мектеп, 2 башталгыч мектеп, 3 бала бакча, кесиптик техникалык окуу жай, 2 амбулатория, 2 фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү ж.б. бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6