Кан жүгүрүү - организм менен сырткы чөйрөнүн ортосундагы зат алмашууну камсыз кылуучу жаныбарлардын К. ж-шү, айланышы. К. ж. жардамы менен организмдин клеткалары кычкылтек, азык зат, суу менен камсызданып, СО2 жана башка зат алмашуунун керексиз заттары чыгып турат. Жылуу канду жаныбарлардын (гомотермдүү) темп-раны жөнгө салууда К. ж. чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү