Кан пайда кылуучу органдар

Кан пайда кылуучу органдар - кандын формалуу элементтерин пайда кылуучу органдар.

Аларга кемик, көк боор жана лимфа түйүндөрү кирет. Кемик - кан пайда кылуучу негизги орган. Анын негизи болуп өзгөчө ретикуль тканы эсептелет. Клеткаларында кан тамырлар, айрыкча капиллярлар өтө көп. Кемиктин бүткүл тканы кандын жетилген клетка элементтери менен толгон. Кемикке караганда сөөк чучугунда май көп болот. 4 жашка чейинки балдарда сөөк көңдөйү жалаң кемик менен толгон, ал эми чоң кишилерде кемик жалпак сөөктө жана жиликтин башында гана болот. Кемикте эритроциттер, лейкоциттин ар кандай формалары жана тромбоциттер пайда болот.

Лимфа түйүндөрү (к. Лимфа системасы) кан пайда болуу процессине жана организмдин коргонуу реакциясына катышып, лимфоциттерди пайда кылат. Көк боор ич көңдөйүнүн оң тарабында, тыкыс капсулада жайгашкан. Көк боордун көп бөлүгүн ак жана кызыл пульпа түзөт: Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, айрыкча эритроциттер менен толгон. Ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. Көк боор кан пайда кылуудан сырткары кан пайда кылууну жөнгө салууга, кан агымынан бузулган эритроциттерди, микроорганизмдерди жана башка канга түшкөн бөтөн заттарды кармап, коргоо функциясын аткарат; анда бул кармалган элементтерге каршы антитело иштелип чыгарылат. Андан сырткары көк боор кан жана гемоглобиндин запас резервуары болуп эсептелет. Организмде кандын формалуу элементтери тынымсыз бузулуп турат (мисалы, тромбоцит бир жумадан кийин ажырайт). Ошондуктан Кан пайда кылуучу органдардын негизги функциясы - кандын клеткалуу элементтерин үзгүлтүксүз толтуруп туруу.

Кан пайда кылуучу органдардын оорулары өтө көп түрдүү. Бирок бул оору менен ооругандардын саны жүрөк кан тамыр системасынын, өпкө же ичеги-карын жолунун өнөкөт оорулары менен ооругандардан аз. Бул оору менен ооругандар негизинен аз кандуулук, гемобластоздор (лейкоздор жана башка) жана геморрагиялык диатездер болуп үч топко бөлүнөт. Бул оорулардын себептери тукум куума, ошондой эле чөйрө факторунун таасирине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок мындай айырмалоо туура болбой калат. Себеби чөйрө фактору кишинин тукум куума кемтигине таасирин тийгизгенде болушу мүмкүн. Кээ бир тромбоцити тукум куума кемтиктүү кишилерде ацетилсалицил кислотасын (аспирин) көп колдонуу кан агууну токтотууну кыйындатат. Дарыны (сульфаниламиддер, кээ бир антибиотиктер жана башка) баш аламан кабыл алуу сөөк кемигинин кан пайда кылуу функциясын бузат. Гемоглобиндин (гемдин) пайда болушунун, кандын уюшунун бузулушу (к. Гемофилия) жана башка тукум куума кемтик болуп эсептелет. Бирок бир катар кан органдарынын оорулары толук изилдене элек. Кан составынын өзгөрүүсүн, оорунун түрүн врач тактайт. Кан пайда кылуучу органдардын ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн диспансерлөө, санаторий-курорттук карта толтурууда дени соо кишилердин канына анализ жүргүзүлөт. Мында билинбей жүргөн оорулар табылып, аны өз убагында дарылоого мүмкүндүк берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8