Каолин (Кытайдагы фарфор чопосу орун алган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен каолинит минералынан турган чопо сыяктуу тоо-тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө майда талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жылуу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол менен эзилип, ээришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сыяктуу тектер катышат. Каолин жер бетинде көп тараган тектердин катарына кирет. Улуу Британияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жоржия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Краснояр крайы), Казакстанда жолугат. Кыргызстандын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, химиялык, резина өнөр-жайында, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфюмерияда колдонулат.

Каолин.

Колдонулган адабияттар түзөтүү