Капан КаганЭкинчи Чыгыш Түрк Кагандыгынын экинчи каганы жана биринчи каган Элтериш Кагандын иниси болгон[2].

Капаган Каган
𐰴𐰯𐰍𐰣 𐰴𐰍𐰣[1]
Экинчи Чыгыш Түрк Кагандыгынын каганы
691 — 716
Андан мурунку: Элтериш Каган
Андан кийинки: Инел Каган
 
Дини: Теңирчилик
Каза болгон жылы: 716 жыл(0716)
Уруусу: Ашина
Атасы: Этмиш Бек
Балдары: Инел Каган
Кесиби: Шанүй

Кутлук кагандын аталаш иниси, Күлтегин менен Билге кагандын аталаш агасы. Чыгыш Түрк кагандыгынын ээлигин кеңейтип, анын чек арасын Дербенттен (Кавказ) Хуанхэге (Кытай) чейин жеткирүүнү көздөгөн. 694-жылы Ордосту алуу үчүн кытайлар менен согушта Маньчжурияны каратып, 706-жылы Түндүк Кытайга чабуул жасаган. 709-жылы тогуз-огуздарды, 711–712-жылдары енисейлик аздар менен чиктерди жеңип алган. 712–13-жылдары Алтайдан келип, Жети-Суудагы он ок элин багындырган. Сыр-Дарыядан өтүп, Кавказга жакын тохар, согдуларды кыйраткан. 714-жылы кайрадан баш көтөргөн табгачтарга 6 жолу сокку урган. Капаган каган көчүүгө кам көргөн тогуз-огуздарды Гобинин түндүгүндө талкалаган. 716-жылы Толы өзөнүнүн жээгинде байегу урууларын жеңип, азыраак аскери менен кайтып бара жатканда ал уруулардын аман калган тобу капысынан кол салып, Капаган каганды өлтүрүп, башын кытайларга тартуу кылышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Сертка, О.Ф. (1995). Göktürk tarihinin meseleleri (Түрк тилинде). Ankara: Türk Kültürünü Araştırma Enstitusu. б. 81.
  2. Тонюкук мемориалдык комплекси, TÜRIK BITIG