Капаров, Нуралы – акын. Кемин районундагы Тегирменти айылында 1957-жылы 4-мартта туулган. 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1980-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. 1989-жылдан баштап «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1993-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору болгон.

Чыгармалары 1973-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тамызгы» деген ат менен 1986-жылы жарык көргөн.

Н.Капаровдун ырлары «Учкун», «Жалын» альманахтарында жана бир топ жамааттык ыр жыйнактарында жарыяланган.

1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Тамызгы: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 48 б.

Көңүл ыргагы: Ырлар – Б.: Адабият, 1991. – 95 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү