Капетингдер (латынча Capetingi, французча Capetiens) – француз королдорунун династиясы (987–1328). Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жолу менен эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-кылымдын башында Капетингдер Франциянын аймагын кеңейтип, борбордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн. Капетингдер династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987–996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–1060), Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый (1108–1137), Людовик VII (1137–1180), Филипп II Август (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226), Ыйык Людовик IX (1226–1270), Эр жүрөк Филипп III (1270–1285), Филипп IV Сулуу (1285–1314), Людовик X (1314–1316), Филипп V (1316–1322), Карл IV (1322–1328).

Колдонулган адабияттар түзөтүү