Капитолий – 1) Байыркы Рим жайгашкан дөбөлөрдүн бири. Капитолий байыртан эле динге сыйынчулардын борбору болгон. Мындагы Капитолий храмында сенаттын кеңешмелери, аянтчасында элдик чогулуштар өткөрүлүп турган. Капитолийдин түштүк-батышындагы жардуу жантаймаларынан (Тарпей зоокалары) кылмышкерлерди ыргытышкан.

2) Вашингтондо АКШ конгресстери өтүүчү имараттын аты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.