Капия"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Каныкейге күйөөлөп барган Манас ордодо үстүнө киши кирбей эки күн ачка калып, каарданып отурганда кырк-элүү аял жанына жолдош кошуп берип, К-ны баатыр күйөөнү көрүп келүүгө жиберишет. Манастын ыраңын көрө сала эси ооп, эшиктин алдына жыгылып калган К-ны жөлөп-таяп Санирабигага алпарышса, эр көрбөгөн экенсиңер деп күлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 405, 407). Кайнына келген күйөөнү көрүү салты ошондон калган экен делет эпосто.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4