Капка капчыгайыТалас өрөөнүнүн түндүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура жана Манас райондору аймагында. Түштүк-чыгыштан Түндүкбатышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (узундугу 2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) жана Кичи Капка (узундугу 0,8–1,0 км, жазылыгы 250 мге чейин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 900–950 м. Рельефи зоокалуу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери жана капталдары неогендин шагыл, кум, чополорунан турат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –8,0оС, июлдуку 21,3оC. Жылдык орточо жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Капка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курулган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.

Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кылкан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Талас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү