Капкейк - (англ. cupcake - кырг. чөйчөкчө кекс) – англис тилиндеги 2 сөздөн куралып, «cup» – «чөйчөкчө», «cake» – «кекс», «торт», «пирожное» дегенди билдирет. Көбүнчөсү «чөйчөкчөдөгү торт» делет.Бул десерт «fairy cake» деген ат менен да белгилүү, кыргызча которгондо «пери үчүн торт». Адатта торт электр мешине бышырууга ыӊгайлашкан жука кагазда же алюминий формада бышырылат. Учурда анын түрлөрү көп, бирок негизги курамына каймак, жумуртка, ун жана кант кошулат. Үстү шоколад, жер-жемиш, жаӊгак сыяктуулар менен кооздолот. Бир киши жегенге абдан ыӊгайлуу. Батыш өлкөлөрүндө көбүнчөсү туулган күндөрдө конокторго тартууланат. Капкейк рецебин алгач Элиза Лейсли аттуу айым иштеп чыккан. 1928-жылы кулинардык китепчеге жазылып, дүйнөгө анын рецеби тараган.

Капкейк
Шоколад капкейки
Негизги маалыматтар
Авторлук
Чыккан жер АКШ
Автору Элиза Лейсли
Аталыштары
Альтернативдүү аталыштары Чөйчөкчөдөгү торт, пирожки пирог, пери торот
Аналогу
Тиби Кекс
Компоненттер
Негизги ингредиенттер Май , Кумшекер , Жумуртка , Ун
Уикиказынада

Курамы түзөтүү

Капкейк жасоо түзөтүү

Классикалык капкейк

Классикалык капкейк
 
Керектелүүчү азыктар
Ун 200 грамм
Кумшекер 200 грамм
Сабиз 200 грамм
Маргарин 200 грамм
Көптүргүч 9 грамм
Жумуртка 4 даана
Ванилин 1 чымчым
Уикиказынада

Жасалуу ыкмасы

Маргаринди майда бөлүктөргө бөлүп, үстүнө кумшекерди салып, миксер менен аралаштырлат.андан кийин үстүнө жумуртканы бирден чагып, улам миксер менен аралаштырып, бирдей массага келтирүү кажет.

Кийин унга көптүргүчтү, ванилинди кошуп аралаштырып, унду чалынган жумурткага кошуп жакшылап аралаштырылат.

Желимден жасалган атайын калыптардын ичине кагаз калыптарды салып, даяр камырды бөксө кылып кашык менен салып. 180 градуста ысып турган электр мешинде 30 мүнөт бышырылат.

Креми үчүн

  • Крем үчүн атайын каймак – 200 грамм (майлуулугу 30 пайыздан кем болбошу керек)
  • Каймак – 2 аш кашык
  • Коюулатылган сүт – 3-4 аш кашык

Баарын бир идишке салып, миксер менен аралаштырып, бирдей массага келтирип крем даярдап алынат. Капкейктер муздаганда үстүн кондитердик шприцтин жардамы менен кооздоп коюулат.

Кызыл баркыт капкейк

Кызыл баркыт
 
Керектелүүчү азыктар
Ун 230 грамм
Кумшекер 200 грамм
Какао 2-3 аш кашык
Туз 1 чымчым
Көптүргүч 1 чай кашык
Жумуртка 2 даана
Өсүмдүк майы 120 грамм
Айран 190 грамм
Боёк 4-5 тамчы
Аш содасы 1 чымчым
Уикиказынада

Жасалуу ыкмасы

Эки жумуртканы чагып, ага өсүмдүк майын, айран, аш содасын кошуп аралаштырылат. Аягында көптүргүчтү, ун, кумшекер, какао, туз, боёк кошуп миксер менен бирдей массага келтирилет. Электр мешине бышырып алган соӊ кондитердик шприцтин атайын тишчеси менен ортосун оюп, мейиз, кургатылган өрүк, жаӊгак, лимондун кабыгынын таарындысын салып койсо да болот. Анан үстүн жогорудагыдай ыкмада даярдалган крем менен кооздолот.

Сабиздүү капкейк

Сабиздүү капкейк
Керектелүүчү азыктар
Ун 200 грамм
Кумшекер 200 грамм
Сабиз 200 грамм
Маргарин 200 грамм
Көптүргүч 9 грамм
Жумуртка 4 даана
Ванилин 1 чымчым
Уикиказынада

Жасалуу ыкмасы

Мунун даярдалып, бышырылышы классикалык капкейктикиндей эле. Болгону камырга тиштери чоӊ сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз кошулат. Ал эми үстүндөгү кремин "Кызыл баркыт" капкейкке кошулган кремден бир аз бөлүп алып, ага сары боёк кошуп сабизди, жашылды кошуп жалбырагын тартып койсо да болот. Эскертүү! Боёкту кремге бир тамчы эле кошулат.Керектелүүчү азыктар:

Чөйчөкчө түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү