Капролактам e-капролактам (e-аминкапрон к-тасынын лактамы), ак түстөгү кристалл; балкып эрүү t 68-700С, кайноо t 2620С;nD20 сууда жана орг. эриткичтерде (спирт, эфир, бензол, хлороформ) жакшы эрийт.

O

//

CH2–CH2–C

\

NH

/

CH2–CH2–CH2

К. циклдүү амид e-аминкапрон к-тасын эрүү темп-расынан жогорку (210-220оС) темп-рада ысытуудан алынышы мүмкүн. К-та жана щелочтун суудагы эритмесинде e-аминкапрон к-тасына чейин гидролизденет. К. аз өлчөмдөгү суу, спирт, аминдер, орг. к-талар ж.б. бирикмелер катышуусу менен (250–260оС) жогорку темп-рада полимерлешип “капрон” буласы алынуучу полиамид чайырын пайда кылат. К. көп тоннаждуу ө.ж. продуктусу болуп эсептелет. К. алуунун бардык ө. ж-лык ыкмалары бекмандык кайра топтошуу ыкмасынын негизинде (олеум же концентрацияланган күкүрт к-тасын 60–120оС таасир кылуудан) К. айлануучу циклогексаноксимди алуу стадиясы аркылуу жүргүзүлөт. К. фенолдон синтездөө ыкмасы кененирээк таралган. К. негизинен полиамид пластмассаларын, пленкаларын, булаларын жана лизинди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү