Капрон (поли- e-капроамид, полиамид-6, перлон, силон ж.б.), мол. массасы 10-15 миң; тыгызд. 1,13-1,15 г/см3, балкып эрүү t 2250С, 2100С темп-рада жумшарат, кристаллдашуу даражасы 60 % чейин. Конц. Н2SО4, НСООН эрийт; бензинде, майда, суюлтулган жана концентрацияланган щелочторго жана суюлтулган к-таларда туруктуу. Өзүнөн өзү чирийт. К. e-капролактамды полимерлештирүү реакциясы аркылуу алынат. Негизинен була, плёнка, машина тетиктерин, электроизоляциялык жана турмуш-тиричилик буюмдарын өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү