Каптал
Каптал, тоо капталы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары жана башка), ошондой эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоолордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички жана сырткы күчтөрдүн натыйжасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. Капталдын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тектердин курамына жана түзүлүшүнө, абс. жана салыштырмалуу бийиктигине, Каптал процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк жана башка табигый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрүнө, Каптал экспозицияларына байланыштуу болот. Каптал түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуңкурайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. Капталдын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата Капталда кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция, делювий, эрозиялык жана башка процесстер жүрөт. «Каптал» термининин бет, боор, дөш, төш, кадуу сыяктуу синонимдери да бар. Топонимдин бир компоненти катары да кездешет. Мисалы, Каптал-Арык жана башка.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9