Каптал сызыгы (лат. Linea lateralis) – сууда жашоочу омурткалуулардын (тегерек ооздуулар, балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулар) сезүү органдары. Кургакта жашоочу жерде-сууда жашоочулардын К. с. органы көнөк баштарда гана сакталып калат. К. с. теринин ичинде жана дененин тери алдыңкы структураларында жайгашкан. К. с. органдар – бул сейсмосенсордук тери органдары, суунун анча-мынча термелишин жана жылышын сезүүгө жөндөмдүү, себеби эктодерманын үстүндө же анын майда чуңкурчасындагы тентиме нервдин каптал бутактары курчап турган сездиргич клеткалардын арасында жатат. Балыктарда теринин калың жеринде узунунан кеткен каналды түзөт, андан сыртка карай майда тешикчелер чыгат. К. с. органдын түзүлүшү жана жайланышы көпчүлүк балыктардын систематикалык белгиси болуп эсептелет.

Каптал сызыгы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү