Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, кырманда өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспап. Эгин толтурулган кап.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар капка эгиндин данын салышып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден дан салынган капты белгиленген абалга чейин көтөрүшүп кайра жерге коюшат. Капты көтөрө албаган оюнчу, оюндан чыгып, оюндун өткөрүлүшүнө жардам берет. Калган оюнчулар үчүн, каптага дандын көлөмүн көбөйткөндөн кийин оюн, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча уланат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Дандын ордуна кум, топурак колдонсо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, оордукту көтөрүү ыкмаларын үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү