Кап үңкүрү – Россиядагы Түштүк Уралдын батыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых жана маданият эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыштагында, Ак (Белая) суусунун оң жээгинде. Үңкүр акиташ жа доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 м келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан жана кенен коридорлордон турат. Алар эки яруска жайгашып, жалпы узундугу 2 кмден ашык. Дубалга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Мамонт, жылкы, керик, бизон ж. б-дын 50дөн ашык сүрөттөрү, геометриялык формалар кызыл охра менен тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масштабда берилген. 50 м2 аянтта маданият катмары табылган. Казуу учурунда таш менен сөөктөн жасалган буюмдар (анын ичинде куралжарактар жана жасалгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбардын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү