Карабеков Кадырбек
Карабеков Кадырбек 1959-жылы 17-сентябрда Сузак районунун Багыш айылында туулган.
- 1977-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган.
- 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында Польша Эл Республикасында кызмат өтөгөн.
- Алгач эмгек жолун "Дружба" совхозунда жумушчу болуп иштеп баштаган.
- 1982-жылы Ош шаарындагы Соода техникумун аяктап, техникумдун жолдомосу менен Көк-Жаңгак шаарында 1994-жылга чейин сатуучу, дүкөн башчысы болуп эмгектенген.
- Ошол жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин аяктаган.
- 1994-1995-жылдары Жалал- Абад шаарындагы тамеки фермантациялоочу заводдо,
- 1997-жылдан бери Сузак Көк-Арт РЭСде кампачы, Жалал-Абад Электродо борбордук кампасында башчы, ОМТС кызматында башчы, азыркы күндө каржылоо бөлүмүндө эмгектенет.
- 2005-2010-жылы Багыш айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3