Карабел мөңгүлөрүКакшаал кырка тоосунун түн. капталындагы жанаша жаткан 2 мөңгү.

Сарыжаз суусунун ири оң куймасы Акшыйрактын алабында жайгашкан. Оң тарабындагысы төр тибиндеги мөңгү; уз. 3,3 км, аянты 3,0 км2; башы деңиз деңг. 4653 м, этеги 3930 м бийиктикте жатат. Солдогусу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,0 км, аянты 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3950 м бийиктикте жатат. Цирктин чыгыш тарабындагы чөйчөкчөдөн жылып чыккан тармагы дого сымал жайгашкан морена аркылуу негизги мөңгүдөн бөлүнүп турат. Мөңгүлөрдөн Карабел суусу агып чыгып, Бозжалпак м-н кошулуп, Баралбаска (Акшыйрактын жогорку агымы) оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2