Каработо бий – кытай уруусунун 18-кылымдагы бийи. Кытай жазма даректери боюнча Маматкул бий кыргыздын он канатын бийлеп Каработо бий сол канатын баштаган. 18-кылымдын 2-жарымында Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй өрөөнүнө көчүрүүгө демилге көтөргөндөрдүн бири. 1758-жылы Таласка көчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү менен Ак-Дөбөдө турган. Орус архив маалыматтары боюнча 1764-жылы кышында Түркстан аймагындагы Каработо бийдин айылына Орто жүз казактарынын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-жылы Абылай султан колунан катуу жабыр көрүп, бир баласын жана 9 (7) түтүндү казактарга аманат берүүгө аргасыз болгон. Санжыраларда Маматкул бий менен бугулардын (Тогузбайдын) айылын айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы жана андан Асан, Үсөн аттуу эгиз балалуу болгону жөнүндө баяндар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү