Караганды көмүр бассейни

Караганды көмүр бассейни - Казакстандагы Сары-Арка дөңсөөсүнөн орун алган. Аянты 3600 км2. Көмүр 1884-жылдан баштап казылып алына баштаган. 1930–31-жылы пайдаланылуучу алгачкы чалгындоо шахталары ишке киргизилген. 1941–45-жылдары геологиялык жактан кеңири чалгындалып, 1954-жылы көмүрдүн өнөр жайлык мааниси такталган. Бассейн негизинен карбон менен юра мезгилдериндеги чөкмө тектерден турат. Анын үстүнкү бөлүгүн палеоген менен неоген мезгилдериндеги түрдүү түстүү чополор, кумдуктар, ошондой эле антропоген мезгилиндеги борпоң тектер (кумдуу топурактар, кумдар, кум-шагылдар) жаап жатат. Караганды көмүр бассейни – герцин бүктөлүү циклинде пайда болгон асимметриялуу синклинорий. Узундугу 1200 км, туурасы 30–50 кмге жетет. Синклинорий ар түрдүү багыттагы тектоникалык терең жаракалар менен жарылган. Таш көмүр катмарлары карбон менен юра мезгилдеринин чөкмөлөрүндө топтолгон. Карбон мезгилинин көмүрдүү катмарларынын калыңдыгы 4,5 кмге жетип, негизинен кумдук, алевролит, аргиллит, кээде акиташ, конгломерат, көмүр катмарлары жана туфтардын аралашма катмарларынан турат. Мындагы геологиялык свитада көмүрдүн өнөр жайлык маанидеги 64 кабаты бар. Алардын калыңдыгы 0,7–2,5 м, айрым учурда 7–8 мге жетет. Жалпы калыңдыгы 88 мге барабар. Көмүр негизинен гумустуу, көпчүлүгү металлургиялык кокс көмүрүн казып алууга жарактуу. Жылуулук кубаты 7000–8000 ккал/кг, күлдүүлүүгү 15–25%. Юра мезгилинин көмүрдүү катмарлары континенттик шартта пайда болгон. Алар негизинен көл чөкмөлөрүнөн (кумдук, конгломерат, аргиллит, көмүр) түзүлүп, калыңдыгы 600 мге жетет. Мында 15тен ашык көмүр катмары линза түрүндө кездешет. Калыңдыгы 1–5 м (чанда 20 м). Көмүр күрөң түстө. Күлдүүлүгү 15–25%. Жылуулук кубаты 6200– 7100 ккал. Бассейндеги таш көмүр (Михайловск, Кымыз-Кудук кендеринен башкасы) жер астынан шахталар менен казылып алынат. Көмүрдүн чалгындалган жалпы запасы 8,2 млрд тонна.

Колдонулган адабияттар түзөтүү