Карагие, Батыр – дүйнөдөгү эң терең ойдуңдардын бири; Чыгыш Казакстанда. Маңкыштак платосунда деңиз деңгээлинен 132 м төмөн жайгашкан (Орто Азиянын эң терең жери). Каспий деңизинин чыгыш жээгинде. Узундугу 85 км, жазылыгы 25 кмге чейин. Капталдары жардуу тик беттер, ошондой эле жазы жана терең эрозиялык капчыгайлар (сайлар) менен татаалдашкан. Кургакчыл ландшафт мүнөздүү. Таманында шор баскан жерлер арбын кездешет.

Карагие.

Колдонулган адабияттар түзөтүү