Карагой мөңгүсүКичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Аравансай суусунун алабында. Уз. 7,2 км, аянты 4,8 км2.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 3,5 км2. Фирн облусу төрдө жатат. «Тили» морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүдөн Кыргызатанын башаты Карагой суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2