Караев, Өмүрбек - Чүй районундагы Кегети айылында 1954-жылы 14-февралда туулган. Кегети орто мектебинен кийин Кыргыз филология жана экономика факультеттерин бүткөн. Варшава шаарында саясат таануу боюнча атайын курста окуган.

1975-жылы студент кезинде «Ыйык Көл» аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, «Шахмат» деген аңгемеси орус жана украин тилдерине которулган. Көл жөнүндө айтылган уламыштарды, бабалардан калган нуска сөздөрдү жыйнап «Көл аңгемелери» түрмөктөрүн жазган.

1991-жылдан Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси.

2003-жылы Ө.Караевдин «Жалгыз болгум келбейт» деген прозалар жыйнагы жылдын мыкты китеби болуп таанылып, Германиянын Мюнхен шаарында өткөн китеп көргөзмөсүнө коюлган. 2005-жылы Айтыш коомдук «Калемгер» адабий клубу жарыялаган жылдын мыкты аңгемелери конкурсунун жеңүүчүсү.

Ө.Караев «Кыргыз маданияты» жана «Кыргыз адабияты» гезиттеринин редакциялык коллегиясына мүчө болгон жана өндүрүштүк жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ыйык көл: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975.

Бейкут таңдар: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1982.

Насирдин дастан: Эссе. – Б.: Учкун, 1997.

Жалгыз болгум келбейт: Повесть жана аңгемелер. – Б.: Бийиктик, 2003.


Колдонулган адабияттар түзөтүү